Тоолуу аймактарда сел жүрөт. ӨКМ шашылыш билдирүү таратты

Sputnik
БИШКЕК, 12-апр.— Sputnik. 14-апрелде өлкөнүн тоолуу райондорунда сел жүрүп, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин шашылыш билдирүүсүндө айтылды.
Ведомство 13-апрелде күн ысый турганын, 14-апрелде нөшөрлүү жамгыр болорун эскертти.
“Мындан улам республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт”, — деп айтылат маалыматта.
Радио
Ногойбаев: учурда 3 387 үй-бүлө кооптуу тилкеде жашайт