Трамп Кытай менен соода тиреши тууралуу оюн айтты

Sputnik
БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Америка менен Кытайдын соода эскалациясы оң натыйжалуу келишимдерге алып барарын айтканын РИА Новости жазды.
"Бул нерседен кандайдыр бир жакшы жыйынтык чыгат деп ойлойм", – деген Америка лидери журналисттерге.
Трамптын айтымында, ал Кытай лидери Си Цзиньпин менен дайыма тил табышып келген. "Биз жакшы позициядабыз" деген Трамп. Ал АКШ көптөгөн мамлекеттер менен байланыш түзөрүн кошумчалаган.
Мурдараак Ак үй Кытайга карата киргизилген бажы алымдары 145 пайыз боюнча каларын билдирген. Кытайдын Вашингтондогу элчилиги РИА Новости агенттигине Пекин тең укуктуу жана урмат-сыйдын негизинде гана сүйлөшүүлөрдү жүргүзө турганын айткан. Ошондой эле “соода согушунда жеңүүчү болбойт” деп белгилеп, АКШны коркутуулардан жана экономикалык басымдан баш тартууга чакырган. Ак үй Вашингтондун аракеттерин мындай категориялар менен баалоого болбой турганын айтууда.
Элчилик: Кытай менен Индия АКШнын тарифтик чарасына каршы чогуу күрөшүүсү керек