Сержант Константин Роденко
1923-жылы 7-мартта Ташкент шаарында туулган. 9-классты аяктагандан кийин Россиянын Соликамск шаарында иштеп турган.
Согуштун алдында Ленинполь (азыркы Бакай-Ата району, Талас облусу) районуна энеси менен келип жашаган. 1944-жылы Таластан Кызыл Армиянын катарына чакырылат да, согушка кирет.
1945-жылы апрелде сержант Роденко 3-Беларусь фронтунда 43-армиянын 70-аткычтар дивизиясынын 224-артиллериялык полкунда аткычтарга жетекчилик кылган. 1-Прибалтика фронтунда Земланд тобунун курамында (Чыгыш Пруссиядагы Самбия жарым аралында) согушкан.
1945-жылы мартта аталган аскерлер тобу Кенигсберг шаарын бомбалап, андан соң чабуул коюп ала баштайт да, жарым аралдагы душмандын өзүнчө турган аскердик күчтөрүн жок кылат.
Роденко Чыгыш Пруссиядагы согушта каармандыгы менен айырмаланган. Кенигсберг тушунда жайгашкан бекемделген Гросс-Фридрихсберг району үчүн болгон кармашта анын артиллериялык бригадасы төрт пулеметту, байкоо салган жайды, артиллериялык куралдарды, андан сырткары, немецтик бир топ аскерлер менен офицерлерди жок кылган. 1945-жылы 9-апрелде Модиттен таяныч борбору үчүн болгон кармашта кыргызстандык жетектеген топ каналга көпүрө куруп, душмандар жайгашкан жерге кирип барып, оор танканы атып талкалаган. Контрчабуул учурунда Роденко жалгыз өзү 17 гитлерчини жок кылган.
1945-жылы 19-апрелде СССРдин Жогорку Советинин президиумунун жарлыгы менен командачылыктын тапшырмасын үлгүлүү аткаргандыгы, көрсөткөн эрдиги менен каармандыгы үчүн Константин Роденкого Советтер Союзунун Баатыры наамы жана Ленин ордени, Алтын Жылдыз медалы ыйгарылган. Кийин ар кыл жылдары Кызыл Жылдыз, I даражадагы Улуу Ата Мекендик согуш ордендери, бир катар медалдар менен сыйланган.
Кандуу согуш аяктагандан кийин сержант Роденко Советтик Армиянын катарында кызмат кылган. Ташкентте жашап-иштеп жүрүп, 1985-жылы 25-июнда дүйнө салган. Сөөгү Өзбекстандын борборундагы аскер көрүстөнүнө коюлган.
Материал ачык маалыматтардын, КР Куралдуу күчтөрүнүн жана "Герои страны" сайтындагы материалдардын негизинде жазылды.