БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Бишкектен Ала-Арча паркына автобустар каттай баштайт. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев социалдык тармактагы баракчасынан билдирди.
Ал паркта экологиялык туруктуулукту сактоо багытында чоң өзгөрүүлөр жасалып жатканын белгилеген.
Айтымында, май айынан баштап паркка бензин же дизель менен жүргөн унаалардын киришине толук тыюу салынат.
Туманбаев учурда унаа токтотуучу ири жай курулуп бүтөйүн деп калганын, эми парктын кире беришинде мурдагыдай унаа тыгындары жаралбашы керектигин белгилеген. Ал эми келген конокторду атайын уюштурулган электрокарлар парктын ичине алып кирет.
“Мындан сырткары, анда алгачкы ирет асма жол курулуп жатат, жыл этегинде ишке берилет. Жогорку бөлүгүндө мейманкана, ресторан, бассейн жана a-frame үлгүсүндөгү үйлөр салынууда”, – деген президенттин иш башкаруучу.
Бул иш-аракеттер жаратылышты сактап, ошол эле учурда эл үчүн ыңгайлуу, коопсуз жана заманбап шарттарды түзүү максатында жасалып жатканын кошумчалаган.