БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Генералдык штабдын жетекчиси — коргоо министринин орун басары Руслан Мукамбетов кызматынан четтетилди. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.
Өлкө башчы кол койгон жарлыкка ылайык, Мукамбетов кызматтан бошотууга негиз болгон себептердин жоюлушуна чейин ишинен алынган. Азырынча себептери белгисиз.
Буга чейин айрым аскер кызматкерлерине жана аскер бөлүктөрүнө карата бир нече кылмыш иши козголгону маалым. Анда Баткен гарнизонунда өздүк курамга эт алууга бөлүнгөн акчанын бир бөлүгү кымырылып кеткени айтылган.