Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

ЖМК: Украина боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн АКШнын так планы болбой жатат

Sputnik
БИШКЕК, 12-апр.— Sputnik. АКШнын Украинадагы жаңжалды чечүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн так планы жок. Бул тууралуу РИА Новости Рейтер агенттигине шилтеме берип жазды.
Макалада Трамптын администрациясы АКШ президентинин атайын өкүлдөрү Стив Уиткофф жана Кит Келлог менен дайыма байланышта болгонуна карабастан “Украина саясаты боюнча макулдашылган процессти” түзө электиги айтылат.
“Биз кээде администрациянын (АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы — ред.) мүчөлөрүнөн бири-бирине каршы келген кептерди угабыз. Бул так план (Украинадагы жаңжал боюнча — ред.) жок деген ойду бекемдейт”, — деген агенттикке өзүн ачыктагысы келбеген дипломат.
Кырдаалды жакшы билген тараптардын агенттикке АКШнын коопсуздук боюнча улуттук комитети Украинадагы жаңжал боюнча бир эле жолугушуу өткөргөнүн кабарлаган. Ага негизинен президенттин улуттук коопсуздук боюнча жогорку даражадагы кеңешчилери катышат.
Мунун баары Ак үйдүн адатта жасаган ишине карама-каршы келүүдө. Жыйынтыгында тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзүү боюнча администрация менен Европадагы өнөктөштөрдүн арасында түшүнбөстүк жаралганы айтылат.
Эскерте кетсек, кечээ Путин Россияга келген Америка лидеринин атайын өкүлү Стив Уиткоффту кабыл алып, сүйлөшүү 4,5 сааттан кийин жыйынтыкталды. Жолугушуу Санкт-Петербургдагы президенттик китепкананын имаратында өткөн.
Кремль жолугушуунун темасы Украинадагы жаңжалдын аспектилери болгонун билдирди. Россиянын түз инвестициялар фондунун башчысы Кирилл Дмитриев сүйлөшүүлөрдү натыйжалуу болду деп сыпаттаган.
Ак үй Уиткоффтун Россияга барышын Украинадагы согушту токтотуп тынчтыкка келүү үчүн жасалган дагы бир кадам деп атады.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
АКШ Украина жаңжалын жөнгө салуу узакка созулушун каалабайт