13-апрелге карата аба ырайы

13-апрелде республиканын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Жекшембиде абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу тоолуу райондордо сел жүрүү коркунучу бар. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Таласта 26…31, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 27…32, Ысык-Көл жеринде 17…22, Нарын чөлкөмүндө 20…25 градус болот.
Күндүн табы Бишкекте 29…31 жана Ош шаарында 28…30 градусту көрсөтөт.
Тоолуу аймактарда сел жүрөт. ӨКМ шашылыш билдирүү таратты