Жээнбек Кулубаев Алматыдагы КМШнын ТИМ башчыларынын жыйынына катышууда

Sputnik
БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Алматыда өтүп жаткан КМШга мүчө мамлекеттердин ТИМ башчыларынын кеңешинин жыйынына катышты. Бул тууралуу министрлик билдирди.
Жыйында эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуу болуп, КМШ алкагындагы саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыктын учурдагы абалы менен келечеги талкууланды. Ошондой эле тышкы саясат, коопсуздук, сот-укуктук жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү кызматташтыктын негизги аспектилери каралды.
Катышуучулар КМШнын өкмөт башчыларынын жана мамлекет башчыларынын кеңештеринин алдыдагы жыйындарында бекитиле турган бир катар документтерди жактырышкан.
Кийинки жыйын 9-октябрда Тажикстандын Душанбе шаарында өткөрүлө турган болду.
Алматыда КМШ өлкөлөрүнүн ТИМ башчылар кеңешинин жыйыны башталды