Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Axios Уиткофф Путин менен бүгүн жолугушу мүмкүн экенин жазды

Sputnik
БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамптын атайын өкүлү Стив Уиткофф Россия президенти Владимир Путин менен бүгүн жолугушушу мүмкүн экенин Axios порталы Flightradar сервисине жана өзүнүн маалымат булактарына таянуу менен жазды.

"Президент Трамптын дипломатиялык өкүлү Россияга жөнөп кетти, жума күнү президент Владимир Путин менен жолугушуусу күтүлүп жатат", — деп айтылат маалыматта.

Портал бул Уиткофф менен Путиндин үчүнчү сүйлөшүүсү болорун жазган.
Буга чейин өкүл Москвага 13-мартта келип кеткен. Анда дипломат Россиянын жогорку кызматтагы адамдары менен жолугуп, кечинде президент Путиндин кабыл алуусунда болгон. РФ лидеринин маалымат катчысы Дмитрий Песков Трамптын өкүлү Россия тарапка Украина боюнча кошумча маалымат бергенин, Путин Уиткофф аркылуу америкалык кесиптеши үчүн салам-дуба жолдогонун белгилеген.
Уиткофф биринчи ирет Россияга февралдын башында келип, баңгизат сатып, сактаганы үчүн соттолгон америкалык Марк Фогелди алмашуу боюнча сүйлөшкөн. Андан кийин Эр-Риядда Россия менен АКШ делегацияларынын жолугушуусуна катышкан.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
АКШ Украина жаңжалын жөнгө салуу узакка созулушун каалабайт