Алматыда КМШ өлкөлөрүнүн ТИМ башчылар кеңешинин жыйыны башталды

Sputnik
БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Алматыда КМШ өлкөлөрүнүн ТИМ башчыларынын кеңешинин жыйыны башталды.
Белгиленгендей, делегациялар жыйын өтүүчү жерге келип жатышат.
ТИМ башчылары эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашып, шериктештиктин алкагында алаканы бекемдөөнү талкуулашат. Ошондой эле саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты талкуулашат.
Министрлер Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгын белгилөөгө даярдыкка өзгөчө көңүл бурушары айтылды.
Мындан тышкары, Россиянын жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин өзүнчө жолугушуусу пландалууда.
Министр Кулубаев БУУнун баш катчысы Гутерриш менен жолукту. Эмне кеп болду?