Си Цзиньпин америкалык бажы алымдарынан улам Евробиримдикке кайрылды

Sputnik
БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Пекин менен Брюссель бир тараптуу опузалоодон өз кызыкчылыгын эле эмес, эл аралык эрежелерди да биргеликте коргошу керек. Бул тууралуу Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин айтканын өлкөнүн Борбордук телевидениеси билдирди.

"Кытай менен Евробиримдик эл аралык милдеттемелерин аткарып, экономикалык глобалдашуу позициясынан тайбай эл аралык соода айдыңын чогуу коргошу керек", — деп жазылат кайрылууда.

Си Цзиньпин эл аралык тартипти да коргоого чакырды.
"Тариф согушунда жеңүүчү деген болбойт, бүтүндөй дүйнөгө каршы чыгуу акыры жалгыз калуу дегенди түшүндүрөт", — деген өлкө лидери.
Анын айтымында, Кытай эч качан бирөөнүн колун караган эмес, негизсиз басым-кысымдан да корккон эмес. Өзгөрүүлөргө карабай, Пекин өз жолунан тайбай ички маселелерин чече бермекчи.

АКШ менен Кытайдын тиреши

АКШ президенти Дональд Трамп 2-апрель күнү башка мамлекеттерден келген товарларга бажы алымы киргизилерин жар салган. Анын эң төмөнкү чеги 10 пайыз деп белгиленген. Мында ар өлкөгө ар башка төлөмдүн чеги бекитилип, балансты сактоо үчүн сумма АКШ менен соода кылган мамлекеттин ортосундагы дефицитке карап эсептелген.
Кытайга карата жаңы пошлина мурункусуна кошулуп алгач жарыяланганда эле 54 пайызды түздү. Буга жооп кылып Пекин америкалык товардын баарына 34 пайыздык бажы алымын киргизген. АКШ төлөмдү 104 пайызга көтөрсө, көз узабай эле Пекин 84 пайызга жогорулаткан. Мындан кийин Трамп биринчи 125, андан соң 145 пайызга көтөрүп жиберди.
Кытай ТИМинин расмий өкүлү Линь Цзянь тариф соодасында жеңүүчү болбой турганын, анткен менен Пекин согушууну каалабастыгын, бирок күрөшүүдөн коркпой турганын билдирди.
РФ ТИМи: бажы алымы менен анын тарифтери — АКШнын адаттагы куралы