БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Кытай Эл Республикасы АКШдан келген товарга кошумча киргизилип жаткан бажы алымын 125 пайызга чейин көтөрөрүн өлкөнүн Борбордук телевидениеси кабарлады.
"Тарифтик коюм 84 пайыздан 125 пайызга чейин жогорулайт", — деп айтылат маалыматта.
Чечим 12-апрелден тарта күчүнө кирмекчи.
АКШ менен Кытайдын тиреши
АКШ президенти Дональд Трамп 2-апрель күнү башка мамлекеттерден келген товарларга бажы алымы киргизилерин жар салган. Анын эң төмөнкү чеги 10 пайыз деп белгиленген. Мында ар өлкөгө ар башка төлөмдүн чеги бекитилип, балансты сактоо үчүн сумма АКШ менен соода кылган мамлекеттин ортосундагы дефицитке карап эсептелген.
Кытайга карата жаңы пошлина мурункусуна кошулуп, алгач жарыяланганда эле 54 пайызды түздү. Буга жооп кылып Пекин америкалык товардын баарына 34 пайыздык бажы алымын киргизген. АКШ төлөмдү 104 пайызга көтөрсө, көз узабай эле Пекин 84 пайызга жогорулаткан. Мындан кийин Трамп биринчи 125, андан соң 145 пайызга көтөрүп жиберди.
Кытай ТИМинин расмий өкүлү Линь Цзянь тариф соодасында жеңүүчү болбой турганын, анткен менен Пекин согушууну каалабастыгын, бирок күрөшүүдөн коркпой турганын билдирди.