Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 32 ардагери бар

Sputnik
БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 32 ардагери бар. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 32 адамдын ичинен 14ү — согуштун ардагери, жетөө — концлагерлердин туткуну, 11и — Ленинград блокадачысы.
Бишкек шаарынын Биринчи май жана Октябрь райондорунда үчтөн, Чүйдүн Жайыл районунда үч, Аламүдүн, Ат-Башы, Сузак, Базар-Коргон жана Ноокен райондорунда согуштун бирден ардагерлери бар.
Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 80 жыл
Алексей Кривощёков — Кыргызстандан аттанган Советтер Союзунун Баатыры