Чүйдө европалык туристтер бараткан поезд ташка алынып, бир киши жабыркады

Sputnik
БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Чүй облусунда европалык туристтер Балыкчыдан Бишкекти көздөй бара жаткан поездди белгисиздер таш менен ургулашкан. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, окуя 8-апрелде саат 22:00дөр чамасында Кант — Аламүдүн темир жол тилкесинде болгон.
"Белгисиз адамдар поезддин терезелерине таш ыргытышкан. Натыйжада 6 жана 8-вагондордун терезелери сынып, бир кызматкер жаракат алды. Мындай көрүнүштөр жүргүнчүлөрдүн коопсуздугуна коркунуч туудурат. Өзгөчө чет өлкөлүк коноктордун коопсуздугуна шек келтирип, Кыргызстандын аброюна терс таасирин тийгизиши мүмкүн", — деп жазылган маалыматта.
Милиция окуяны териштирип жатканы кошумчаланды.
Балыкчы — Кочкор темир жолунун курулуш иштери кызуу жүрүүдө. Видео