Заводдор сүттү фермерлерден ортомчусуз жана белгиленген баада сатып алат

Sputnik
БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Заводдор фермерлерден сүттү белгиленген баада сатып алат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Министрлик жыл сайын апрель-июнь айларында сүттүн баасы төмөндөп, фермерлерге көйгөй жаратып келгенин белгилеген. Мындан улам сүттүн майлуулугуна жараша тарифтик график иштелип чыгып, фермерлерге сүттү заводдорго ортомчусуз сатуу үчүн мүмкүнчүлүк түзүлгөнү айтылды.
Майлуулукка жараша баа төмөндөгүдөй болот:
3 пайыз — 31 сомдон;
3,5 пайыз — 36-39 сомдон;
4 пайыз жана андан жогору — 40 сомдон өйдө.

"Бул баа ар бир сүт кабыл алган заводго илинип, элге жеткиликтүү болушу шарт. Эгерде фермер менен завод ортосунда сүттүн майлуулугу боюнча пикир келишпестик жаралса Ветеринардык кызматтын лабораториясына кайрылууга болот. Лаборатория экспертиза жүргүзүп, жыйынтыгы менен завод фермердин сүтүн белгиленген тариф менен кабыл алууга милдеттүү болот", — деп жазылган маалыматта.

Токтомду аткарбаган ишканаларга тиешелүү чаралар көрүлөрү эскертилди.
ЕЭК Кыргызстанда сүт, эт жана жумуртканын өндүрүшү өскөнүн кабарлады