БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Быйыл Кыргызстанда 1-октябрдан баштап пенсия жогорулайт. Бул тууралуу "Ата Журт Кыргызстан" фракциясынын жыйынында Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев билдирди.
Жыйында депутат Пархат Тулендыбаев орточо пенсия 6 900 сом экенин айтып, былтыр жашоо минимуму 7 063 сомду түзгөнүн эске салды.
"1-октябрга чейин биз пенсияларды ушул суммага жеткиребиз. Былтыркы орточо айлык менен инфляцияга карап пенсияны канчага көтөрүүнү чечебиз. Быйыл 7 пайыз көтөрүү үчүн бюджеттен 1 миллиард 200 миллион сом каралды. Бирок камсыздандыруу төлөмдөрүнө жараша бул сумманы кайра карап чыгабыз. Жарым жылдыктын жыйынтыгында канча пайызга көтөрө турганыбыз такталат, бирок 7 пайыздан көп болот", — деди Бактияр Алиев.
Өлкөнүн Конституциясына ылайык, пенсия жана жөлөк пулдар жашоо минимумунан төмөн болбошу керек.