БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Конституциялык сот Курманбек Бакиевдин адвокатынын өтүнүчүн карап, чечим чыгарганын ведомствонун маалымат кызматы кабарлады.
Эске салсак, буга чейин Бакиевдин жактоочусу Икрамидин Айткулов Конституциялык сотко “адамды сыртынан соттоп өкүм чыгаруу Конституцияга канчалык туура келерин” кароону суранып кайрылган.
“Конституциялык сот эгер адам жоопкерчиликтен качып, чет өлкөгө чыгып же экстрадициялоо мүмкүн эмес болсо сыртынан өкүм чыгаруу Баш мыйзамга дал келет. Бирок адам Кыргызстанга кайтып келип, сот алдында жооп берүүгө даяр болсо, анда ал ишин кайра каратууга укуктуу деген чечим чыгарды”, — деп жазылат маалыматта.
Бул норма Кыргызстандын бардык жарандары үчүн иштей турганы белгиленди.
Курманбек Бакиев 2010-жылдагы Апрель революциясынан кийин өлкөдөн качып кеткен. Кийин сот аны, Мамлекеттик коргоо кызматынын башчысы Жаныш Бакиев жана мурдагы премьер-министр Данияр Үсөновду Ак үйдүн алдында массалык ок атууга күнөөлүү деп таап өмүр бою эркинен ажыраткан. Бирок кийин Жогорку Сот 60тан ашкандарды өмүр бою абакка отургузуу жазасы колдонулбагандыктан Курманбек Бакиевдин жазасын өзгөртүп, 30 жылга кыскарткан.