"Алардын иши эмес". Алиев Урсула фон дер Ляйенге кескин жооп берди

Sputnik
БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Азербайжандын президенти Илхам Алиев Евробиримдикти Бакунун Түркия жана Армения менен мамилесине кийлигишпөөгө чакырды. Бул туурасында аталган мамлекеттин башчысынын расмий сайтында жазылган.
"Түркия менен Армениянын, Азербайжан менен Армениянын алакасы алардын иши эмес. Европа биримдиги өзүн бул маселелерден канчалык алысырааак кармаса, ошончолук жакшы болот", — деп айтылган расмий сайтта.
Президент ЕБдин үч мамлекетке чек араларын ачышы керектигин айтып, дайыма чакырык сала берерине нааразы болгон.
"Буга Европанын кандай тиешеси бар?" — деп суроо салган Алиев.
Өткөн аптада Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйен Армения Түркия жана Азербайжан менен чек араларын ачышы керек деген чакырык салган. Анын айтымында, мындай кадам Евробиримдик менен Борбордук Азияны жакындатат.
Армения өкмөтү ЕБге кирүү боюнча мыйзам долбоорун колдоду