БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. АКШ Украина жаңжалын жөнгө салуу жарым же бир жылга созулуп кетүүсүн каалабайт. Бул тууралуу Мамлекеттик департаменттин расмий өкүлү Тэмми Брюс билдиргенин РИА Новости жазды.
"Мамлекеттик катчы Марко Рубио Россиянын тирешүүнү жөнгө салууга канчалык даяр экени жакынкы жумаларда билинип каларын ачык айтты. Алты айга же бир жылга созулушу мүмкүн эмес", — деген Брюс брифинг учурунда.
Эскерте кетсек, Украинадагы абалды жөнгө салуу аракеттери Дональд Трамптын президент болуп шайланышынан кийин башталып, АКШ менен Россиянын сууп кеткен мамилесин калыбына келтирүү боюнча да кадамдар жасалууда. Эки президент телефондон баарлашып, делегациялар жолугуп жатат.