Өлкөдө турак жайлардын 22 пайызы гана камсыздандырылган – Эмне үчүн үйдү камсыздандыруу зарыл жана аны кантип аткаруу керек?

Sputnik
Өлкөдө 1 миллион 212 миң 900 турак жай бар. Анын ичинен бар болгону 279 миң 43 үй гана милдеттүү камсыздандыруу талабын аткарган. Бул пайыздык көрсөткүч менен бар болгону 22,6 %ды түзөт.
Турак жайды камсыздандыруунун баасы айыл аймагында 600 сом, ал эми шаар жергесинде бул көрсөткүч 1200 сомду түзөт. Үйүн камсыздандыргандар кандай артыкчылыкка ээ болот? Камсыздандыруунун кандай жеңил жолдору бар?
Ушул жана башка суроолорго Экономика жана коммерция министрлигинин Бизнес-чөйрө саясаты башкармалыгынын Банктык эмес финансылык рынок саясаты секторунун башкы адиси Раида Байзаков жооп берди.