Өлкө башчы Садыр Жапаровдун демилгеси менен 2022-жылдан бери аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүүгө багытталган "Социалдык келишим" программасы ишке ашырылып келет. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги маалымдагандай, быйыл инфляцияны эске алуу менен социалдык жардамдын өлчөмү 100 миң сомдон 150 миң сомго чейин көбөйтүлдү. Быйыл бул каражатты 13 миң 334 адам ала алат. Ал үчүн республикалык бюджеттен 2 млрд сом каралды. Ал эми 3 жыл аралыгында дээрлик 35 миңден ашык үй-бүлөгө 100 миң сомдон кайтарымсыз жардам берилген. Келишимге ылайык, ишин баштаганүй-бүлөлөрдүн 73%дан ашыгы айыл чарба багытында бизнес программаларды ишке ашырганын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин социалдыккоргоо департаментинин башкы адиси Жолдошбек Кобогон уулу маалымдады.