Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 100 жылдыгы менен биргеликте өлкөдө кыргыз милициясы да өзүнүн 100 жылдык юбилейин белгиледи.Бир кылым тарыхы бар окуу жай жүздөгөн кадрларды даярдап, алар коомдук тартипке көз салып келишет. Бирок мезгилдин өзгөрүшү менен суроо, талаптар ба башка нукка бурулат эмеспи. Өзгөчө элдин тынч уйкусун камсыз кылуучу тармакта бул актуалдуу маселе.
Жаш кадрларды заманбап талаптарга ылайык даярдоо, санариптешкен техникалардан артта калбоо, эл аралык тажрыйба алмашууларды бекемдөө сыяктуу маселелер ИИМдин академиясында кандай жолго коюлган? Стдуенттер кантип тандалып алынат? Кандай жаңы чакырыктар болууда?
Алдыдагы “Күн башат” уктуруусунда жооп алганга аракеттендик.