УКМК Каракол шаарынын мурдагы мэрин кармады

Sputnik
БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Каракол шаарынын мурдагы мэри кармалганын УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ал кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелүүдө.
"Каракол шаарынын биринчи вице-мэри А.Э.А. жасалма аукцион уюштуруп, Караколдогу Кашка-Суу кичи районундагы жер тилкесин А.Н.К. аттуу кишиге жеке менчикке берген. Кийинчерээк ал кымбат жер участогуна алмаштырылган", — деп айтылат маалыматта.
Атайын кызмат бул иштердин баары А.Ф.А. аттуу аткаминер Караколдун мэри болуп турганда анын жетекчилиги алдында жасалганын билдирди.
Шектүүнүн инициалдары шаарды 2024-жылдын май айынан 2025-жылдын февралына чейин башкарган Алжамбаев Фархат Абды-Хамитовичке туура келүүдө.
УКМК: Чолпон-Атада колония башчысы соттолгондорго жеке иштерин жасатып жүргөн