Демократтар Трамптан Маскты өкмөттүк иштен четтетүүнү талап кылышты

Sputnik
БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Демократиялык партиядан шайланган конгрессмендер АКШ президенти Дональд Трамптан америкалык ишкер Илон Маскты 30-майга чейин өкмөттүк жумуштан четтетүүнү талап кылып кайрылышты. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.
"Маскты 30-майга чейин өкмөттөгү кызматынан бошотушуңуз керек", — деп жазылат жолдонгон катта.
Ал арада демократ Грег Касар Axios порталына ишкерди кызматынан алдыруу үчүн демократтардын "бардык юридикалык жана саясий инструменттери бар" экенин билдирген.
Эскерте кетсек, Трамптын чечими менен жаңы түзүлүп, Маск жетектөөгө дайындалган АКШдагы Мамлекеттик майнаптуулук департаменти "федералдык агенттиктерди кайра түзүп чыгып, чыгымын азайтууга" багытталган. Өкүлдөр палатасынын спикери Майк Жонсон буга чейин аталган департамент америкалык өкмөттүн төбө чачты тик тургузган чыгымдарын аныктап чыкканын билдирген.
ЖМК: Илон Маск Трамптан жаңы тарифтерди кайра карап чыгууну суранды