БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Молдовановкадагы соттолуп абакта отурган 42 киши түрмөнүн жаза жайына киргизилген. Бул тууралуу Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордон кабарлашты.
Маалыматка ылайык, алар тинтүү учурунда каршылык көрсөтүшкөнү үчүн жазаланышкан. Борбордун кызматкерлери жерине барып, абактагылар менен жолуккан.
"Белгилүү болгондой, 7-апрелде тыюу салынган буюмдарды издөө боюнча камералар тинтилген. Администрация соттолгон 42 адам каршылык көрсөтүп, жаза жайына киргизилгенин билдирген", — деп айтылат маалыматта.
Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордон абактагылар арыз жазуудан баш тартканын кошумчалады.