БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. ЕАЭБде санарип документтерди өз ара таануу боюнча иш жүрүп жатат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат борборунда өткөн брифингде санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министри Азамат Жамангулов билдирди.
Министр кеп Казакстан тууралуу болуп жатканын белгиледи.
Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министри Азамат Жамангулов
© Sputnik / Акбар Акжигитов
"Казакстан менен санариптик документтерди өз ара таануу боюнча иштеп жатабыз. Биздин жарандардын "Түндүк" тиркемесиндеги бардык документтерин Казакстандын чек арасында көрсөтсө болот, алар окулушу, таанылышы жана кабыл алынышы керек. Ошол эле нерсе Кыргызстандын аймагында да болот", — деди Жамангулов.