БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Бишкекте муниципалдык жерди ээлеп алгандарга ижара келишимин түзүү сунушталды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, айрымдар үй сатканда кошумча артыкчылык катары ижара келишими түзүлбөгөн муниципалитеттин жерин дагы көрсөтүп коюшат.
Шаардыктар мына ошол жерди келишим менен ижарага алса болот. Каражат жергиликтүү бюджетке түшөт. Бирок эгер жер шаардын муктаждыгына керек болсо ижарачылар кенемте талап кылбай кайтарып берет.
"Мындай жерлерди ээлеп алгандар Муниципалдык менчикти башкаруу департаментине кайрылышы керек (Чокморов көчөсү, 246). Болбосо, мэрия мыйзам чегинде чараларды көрөт, анын ичинде объектини бузууга чейин барышы мүмкүн", — деп жазылган кабарда.
Бардык суроолор боюнча 0312979195 (кошумча номер 4205) аркылуу маалымат алса болот.