Бишкек менен Ошто 14-апрелден тарта кагаз маалым кат берүү токтотулат

Sputnik
БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. 14-апрелден тартып Бишкек, Ош шаарларында мамлекеттик органдардан маалым кат "Түндүк" аркылуу гана алууга мүмкүн болот. Бул тууралуу президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыктын башчысы Азамат Кадыралиев билдирди.
Анын айтымында, бул мезгилден баштап кагаз түрүндө берүү токтотулат. Ал эми 1-майдан баштап саамалык республиканын бардык аймактарына жайылтылат.
"Кезекте туруп, кагаз документтерди чогултуунун кажети жок болот. Талап кылынган маалыматтар "Түндүк" тиркемесинин жардамы менен алынат", — деген ал.
Бул талап 50 жаштан өйдөлөргө, социалдык жактан аяр категориядагыларга жайылтылбайт.
"Ошондой эле 1-июндан баштап жарандардан мамлекеттик жана муниципалдык системаларда турган маалыматтарды талап кылууга тыюу салынат", — деген Кадыралиев.
Эгерде маалыматтык системалар али күнгө чейин түзүлбөсө, 1-октябрдан кечиктирбестен ишке киргизүү тапшырылды.
Пресс-борбор
ЕАЭБде санарип документтерди өз ара таануу боюнча иш жүрүүдө