Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Курскиликтердин өлтүрүлүшү боюнча козголгон иштер эскирбейт

Sputnik
БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Украина армиясынын Курск облусунун жай жашоочуларын өлтүрүшү — мезгили өтпөй, эскирбей турган аскердик кылмыштар. Бул туурасында РФтин Коомдук палатасынын мүчөсү, украиналык неонацисттердин кылмыштарынын трибуналы боюнча эл аралык коомчулуктун төрагасы Максим Григорьев айтканын РИА Новости жазды.
Шаршемби күнү "Россия сегодня" медиатобунун маалымат борборунда Григорьев "Украинанын Куралдуу күчтөрүндөгү неонацисттердин Курск облусунун аймагында жасаган аскердик кылмыштары" деп аталган доклады менен бөлүштү.
"Украиналык күчтөрдүн россиялык жай жарандарды мылтык, жабдылган дрондор менен атып өлтүргөн көп учурлары катталды. Мунун баары — мезгил өтсө да эскирбеген аскердик кылмыштар", — деди ал.
Докладда, мындан сырткары, Женева конвенциясын билип туруп эле бузуп, Украина армиясынын жай жашоого ылайыкталган инфраструктураларды иштен чыгарганы, храмдарды, ооруканаларды талкалаганы айтылган.
"Биз алган маалыматтар Киев режиминин Курск облусунун жашоочуларын, анын ичинде балдар менен карыларды системалык түрдө, максат коюп өлтүрүшкөндөрүн айтып берет", — деп кошумчалаган Григорьев.
Учурда Украина Куралдуу күчтөрүнүн Россиядагы жарандык объектилерге 15 миңден ашык чабуул жасаганы боюнча маалыматтар чогулган. Топтолгон материалдар 1800гө чукул ар эл аралык уюмдарга жиберилерин РФ президентинин алдындагы Жарандык коом жана адам укугу боюнча өнүгүү кеңешинин төрагасы Валерий Фадеев айтып берди. Алар БУУ, ЕБ, ЕККУ, укук коргоо уюмдары, алдыңкы ЖМКларга англис жана орус тилдеринде жөнөтүлөт.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украина Куралдуу күчтөрү "Суджа" газ өлчөөчү станциясын жардырды