"Газпром Кыргызстан": 3-4 жылдын ичинде Бишкек толугу менен газдаштырылат

Sputnik
БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Алдыңкы 3-4 жылдын ичинде Бишкек толугу менен газдаштырылат. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" ишканасынын башкы директорунун орун басары Арзымат Алдаяров билдирди.
Ал белгилегендей, жылына 200-300 чакырым газ бөлүштүрүүчү тармак курулса бул максатка жетүүгө болот.
"2023-2024-жылдары борбор калаада 15 жаңы конуш газдаштырылды. Быйыл Новопокровка айылына толугу менен газ киргизилет. Ошондой эле Эне-Сай, 69 га (Арча-Бешик), Жал, Сарбан, Селекция жана Ак-Босогодо долбоордук иштер жүргүзүлөт", — деди Алдаяров.
Жалпысынан Кыргызстанда "Газпромдун" 451 миң абоненти бар, алардын көпчүлүгү борбор калаада жашайт.
“Газпром Кыргызстан” Бишкектин кайсы аймактарына газ кирерин айтты