УКМК: БатМУнун жооптуу адамдары студенттер төлөгөн 14 млн. сомду кымырган

Sputnik
БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Баткен мамлекеттик университетинде коррупциялык көрүнүштөр аныкталды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.
Билдирүүдө БатМУнун жооптуу кызматкерлери окуу үчүн төлөнгөн каражатты кымырганы жазылган.
"2020-жылдан 2024-жылга чейин студенттер контракт боюнча төлөгөн 14,4 миллион сом окуу жайдын бюджетине түшпөй калган. Мындан тышкары, университеттин жооптуу адамдары кызматкерлерге жана студенттерге чет өлкөлүк командировкалар үчүн каражатты негизсиз төлөп турган. Буга 2,9 миллион сом кеткен. Финансы министрлиги жүргүзгөн аудитордук текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча, келтирилген зыян 17,3 миллион сомду түздү", — деп айтылат маалыматта.
Учурда тиешелүү кызмат адамдарын жоопкерчиликке тартуу жана зыяндын ордун толтуруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлүп жатканы кошумчаланды.
Нарын университетинен 300 студент чыгарылып, мугалимдер жазаланды. Чоо-жайы