БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Президенттин жана анын уулу Рустам Жапаровдун атын жамынып элди алдаган "Ашар" коомдук фондунун негиздөөчүсү Алиакбар Каныбек уулу кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ИИББ билдирди.
Укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча, 24 жаштагы киши турак жай берем деп 600 жарандан 150 миллион сом чогулткан.
"Текшерүү учурунда бир күндө элден 500 миң сомдон түшүп турганы аныкталды. Бүгүнкү күндө каражатты элге кайтаруу үчүн фонддун эсебинде бир да сом жок", — деп айтылат маалыматта.
Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси ("Алдамчылык") менен иш козголуп, шектүү ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Милиция бул адамдан жабыркагандар болсо 102 же 0 (312) 43-71-75 номерлерине кабарлап коюуну суранат.