БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. 11-апрель, жума күнү, республика аймагында күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүй, Талас аймагында +23...+28, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +24...+29, Ысык-Көл, Нарын өрөөнүндө +14...+19, градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаада жана Ош шаарында +26…+28 градуска көтөрүлөт.