Тагдырды багындырган баатырлар: Бишкекте эл аралык «Үмүт» жаш киночулардын XII форуму өтөт

Sputnik
Бүгүн биз “Стоп кадр” уктуруусунда 11-14-апрель күндөрү Бишкекте өтчү «Үмүт» жаш киночулардын XII форуму тууралуу кеп кылдык. Аталган кино иш-чаранын менеджери Күлүйпа Эсенбекованын айтымында, форум Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы Кинематография департаментинин, ошондой эле КМШга мүчө-мамлекеттердин гуманитардык кызматташтык боюнча мамлекеттер аралык фондунун колдоосу менен өткөрүлүүдө. Кинофестиваль «Ала-Тоо» кинотеатрында режиссёр Темирбек Бирназаровдун «Ыйлаба, керик!» тасмасын көрсөтүү менен башталат. Форумдун иш-чаралары эки жерде өтөт: Чынгыз Айтматов атындагы кино үйүндө жана «Ололо-Юрт» коворкинг борборунда.
Форумдун бардык иш-чараларына кирүү акысыз.