1-апрелден баштап өлкөдө окуучуларды эл аралык баалоо программасынын (PISA-2025) алкагындагы негизги изилдөө башталды. Бул иш-чара өлкөнүн билим сапатынын эл аралык стандарттарына жооп берүүсүн чагылдырган улуттук билим берүүнүн өнүгүүсүндөгү маанилүү этап болуп саналат. Изилдөөгө 197 жалпы билимберүү уюмдарынан 15 жаштагы 6 миң 911 өспүрүм катышат. Анын 4096 окуучу кыргыз тилинде, 2 470 окуучу орус тилинде жана 345 окуучу өзбек тилинде катышат.Изилдөөнү сапаттуу деңгээлде өткөрүү үчүн Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти тест администраторлордон, IT жана мониторинг жүргүзүүчү адистердентурган 14 мобилдик команда түзгөн. Тандалмага кирген билим берүү уюмдарын зарыл жабдуулар менен камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурулуп, тест өткөрүү үчүн 308 ноутбук даярдалган.
Изилдөөнүн акыркы жыйынтыгы 2026-жылдын аягында жарыяланып, өлкөнүн билим берүү системасынын абалына ар тараптуу талдоо берилерин бүгүнкү эфирдин коноктору айтып беришти.