Ар бир кесип ардактуу. Бирок кесиптердин ичинен да өзгөчө жоопкерчиликтүүсү болот эмеспи. Медицина тармагында нейрохирургияны дал ушул категорияга киргизишет. Өлкөдө нейрохирургдардын жетишсиздиги байкалганы менен өз ишинин чыныгы адиси болгон дарыгерлерден уучубуз куру эмес. Алардын бири Улуттук госпиталдан аталган бөлүмдү жетектеп келген Жеңишбек Каримов.
Биз дарыгер менен мээге, омурткага жасалган оперциялар, алардын калыбына келүү жолдору, операцияга жеткирбей айыгуу тууралуу сүйлөштүк.