Өлкөдө РКӨФ колдоосу менен телекоммуникациялык жабдууларды өндүргөн завод ачылды

Sputnik
БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Кыргызстанда телекоммуникациялык жабдууларды өндүргөн Hytera компаниясынын заводу ачылды. Бул тууралуу Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунан (РКӨФ) билдиришти.
Маалыматка ылайык, долбоорго фонд 1 миллион доллар инвестиция салган.
"Завод видеотүшүрүү, байланыш системаларын чогултуу жаатында импорттун 80 пайызын жабат. Бул транспорттук, коммуникациялык мамлекеттик органдардын муктаждыгын жоюуга жардам берет. Завод фонд каржылаган үчүнчү санариптик долбоор болуп саналат", — деди РКӨФ төрагасы Артем Новиков.
1 / 4

Кыргызстанда телекоммуникациялык жабдууларды өндүргөн Hytera компаниясынын заводу ачылды

2 / 4

Бул тууралуу Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунан (РКӨФ) билдиришти

3 / 4

Маалыматка ылайык, долбоорго фонд 1 миллион доллар инвестиция салган

4 / 4

Завод ишке киргенде 50 жаңы жумуш орду пайда болуп, жылына 57 миңден ашык продукция өндүрүлөт

Завод ишке киргенде 50 жаңы жумуш орду пайда болуп, жылына 57 миңден ашык продукция өндүрүлөт.
РКӨФтүн өнөктөштөрү ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспортту эки эсе көбөйттү