Улук лейтенант Евгений Михайленко
1920-жылы 15-августта Пржевальск (азыркы Каракол) шаарында кызматкердин үй-бүлөсүндө туулган. 5-классты Фрунзе шаарынан аяктап, андан соң Алма-Атадан (Казакстан) орто мектеп менен аэроклубду бүтүрүп чыгат. 1940-жылы Кызыл Армияга чакырылып, 1942-жылы Чкалов (азыркы Оренбург) шаарында пилоттун билимин алып чыгат. Улук сержант учкуч-штурмалоочу Михайленко 1942-жылы июлда армияга кирет. Согуштук жолун Советтер Союзунун Баатыры, легендалуу чкаловдук экипаждын мүчөсү, полковник Георгий Байдуков жетектеген, авиациялык чабуул коюучу 212-дивизиянын 687-чабуул коюучу авиациялык полкунда штурмалоочу Ил-2 учагын айдап баштайт.
1942-жылы 13-августтан 1943-жылдын мартына чейин Михайленко Калинин фронтунда 3-аба армиясынын курамында асманга көтөрүлүп, бир нече ирет согушка катышкан. Ржев-Сычевск жана Великолукск операциясында душманга чабуул жасап, сокку урган. Эки багытта 13 ирет ийгиликтүү учканы үчүн Кызыл Жылдыз ордени менен сыйланган. Андан кийин Михайленко Воронеж фронтунун багытында өзүнүн дивизиясы менен Украинанын оң жээк тарабы, Днепр үчүн салгылашта, Киев чабуул коюу операциясында жана Киевди бошотууга катышкан.
1943-жылы ноябрда бул каарман жоокер Кызыл Туу ордени менен сыйланган. 1-Украина фронтунда Украинаны бошотуудагы Киев коргонуу, стратегиялык жактан чабуул жасаган Житомир-Бердичевск, Корсунь-Шевченко, Проскуровск-Черновицк, Львов-Сандомирс операцияларына асманда жүрүп катышкан. 1944-жылдын 25-январынан тарта эскадрильяны жектектеп баштаган.
1944-жылдын 8-июнуна карата эсептей келгенде Ил-2 менен 108 ирет ийгиликтүү учуп чыгыптыр. Анын ичинен 80инде топтун жетекчиси катары иштеген. Чабуул койгон учурлары фашисттердин техникасы менен аскерлерине көп зыян келтирген. Стратегиялык жактан маанилүү болгон объектилерди: темир жолдорду, андан сырткары, ок-дары, күйүүчү май сактаган кампаларды талкалаган.
1944-жылдын 18-июлунда алар Львов облусундагы (Украина) Сокаль шаарындагы аскердик тапшырманы аткарып жаткан учурда фашисттердин артиллериясы аткылап, анын кесепетинен экипаж курман болот.
СССРдин Жогорку Кеңешинин президиумунун жарлыгы менен курман болгондон кийин 1944-жылы 26-октябрда душманга чабуул койгондогу кайраты жана эрдиги үчүн гвардиянын улук лейтенанты Евгений Михайленкого Советтер Союзунун Баатыры наамы ыйгарылган. Ал Сокаль шаарындагы Боордоштор көрүстөнүнө коюлган.
Кыргызстандык каарман жоокер, мындан сырткары, Ленин, эки жолу Кызыл Туу, Кызыл Жылдыз ордендери менен сыйланган.
Караколдогу Жеңиш паркына Михайленконун бюсту орнотулган.
Материал ачык маалыматтардын, КР Куралдуу күчтөрүнүн жана "Герои страны" сайтындагы материалдардын негизинде жазылды.