БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. 1938-жылы 9-апрелде Россиядагы чечен саясатчылардын бири Виктор Черномырдин туулган.
Анын "жакшы кылабыз десек, кайра эле баягысындай болуп калды" ("хотели как лучше, получилось как всегда") деген сөзү эл арасына тарап кеткен.
Бул туурасында Sputnik Ближнее зарубежье Telegram каналы жазды.
Черномырдин 1992-1998-жылдары Россия өкмөтүнүн төрагасы, 2001-2009-жылдары Россиянын Украинадагы элчиси болуп иштеген. 2009-жылы Россия президентинин КМШ өлкөлөрүндөгү экономикалык кызматташтык боюнча атайын өкүлүнүн кызматын аткарган.
Анын чукугандай таап айткан сөздөрү азыр да көптөрдүн жадында.