УКМК кызмат адамдарын тантыган идеяларды сунуштабоого чакырды

Sputnik
БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети бардык кызмат адамдарын тантыган идеяларды сунуштап, билдирүүлөрдү жасабоого чакырды.
Атайын кызмат Жеңишбек Токторбаевдин Ош шаарына кирип-чыккан унаалардан акы алуу сунушун колдобой тургандыгын кабарлады.
"Эгерде акы киргизилсе, жүк карапайым элдин чөнтөгүнө түшөт. Товарларды жеткирүү кымбаттап, бизнес аксайт. Буга жол бербеш керек! УКМК мындан ары бардык кызмат адамдарына (мэр, аким, жергиликтүү кеңештин өкүлдөрүнө) тантыган идеяларды сунуштап, билдирүүлөрдү жасабоого чакырат", — деди атайын кызмат.
УКМК жергиликтүү органдардын жетекчилерин пиардан алыс болуп, элдин чыныгы көйгөйүн чечүүгө чакырды.
Ош шаарында эски көрүстөндөр рекультивацияланат