БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Гидроэнергетика Кыргызстандын жана Борбор Азиянын өнүгүүсүн камсыздайт. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.
Ал борбор калаада өтүп жаткан "Гидроэнергетика — Борбор Азия жана Каспий" аталышындагы эл аралык конгресс жана көргөзмөгө катышкан. Бул иш-чарага Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан, Грузия, Түркия, Иран жана Армениянын өкүлдөрү келген.
© Sputnik / Таалайбек Ороскулов
Ибраев гидроэнергетика энергиянын экологиялык булагы экенин белгиледи.
"Гидроэнергетика Кыргызстан менен бүтүндөй Борбор Азия региону үчүн экономикалык өнүгүүнүн негизги булагы боло аларына ишенем. 2030-жылга чейин өлкө көмүр кычкыл газынын бөлүнүшүн 16 пайызга кыскартат, ал эми 2050-жылга карата толугу менен "жашыл" мамлекетке айланат. Бул багытта ири жана чакан ГЭСтердин курулушу жүрүп жатат", — деди министр.
Ал учурда республикада 30дан ашык чакан ГЭС иштеп, дагы 40тайы курулуп жатканын кошумчалады.