Россиянын элчилиги: сак болгула, Вакуновдун атынан шылуундар кат жазууда

Sputnik
БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. WhatsApp тиркемесинде алдамчылар Россиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакуновдун атын жамынып колдонуучуларга кат жөнөтүшүүдө. Бул тууралуу РФтин Кыргызстандагы элчилиги билдирди.
"Сак болууга, жеке маалыматтарды бербөөгө жана шектүү шилтемелерди ачпоого чакырабыз", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле элчиликтен Вакунов бекитилген тартипте жөнөтүлгөн расмий кайрылууларга гана жооп берерин кошумчалашты.
Бийлик телефон алдамчылары менен кантип күрөшөрүн айтты