Русгидро: Кыргызстан — Борбор Азиядагы ири гидроэнергетикалык потенциалга ээ өлкө

Sputnik
БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Кыргызстан Борбор Азиядагы эң ири гидроэнергетикалык потенциалга ээ. Бул тууралуу "РусГидро" ААКнын башкы директорунун долбоорлорду куруу жана эл аралык кызматташуу боюнча орун басары Сергей Мачехин билдирди.
Ал Бишкекте өткөн "Гидроэнергетика – Борбор Азия жана Каспий" аталышындагы IX эл аралык конгрессте сүйлөгөн. Иш-чарага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Азербайжан, Грузия, Түркия, Иран жана Армения мамлекеттеринен өкүлдөр катышууда.
"Кыргызстан региондогу эң чоң гидроэнергетикалык потенциалга ээ, бирок, тилекке каршы, эң начар өнүккөн. Алдыда бүткүл Борбор Азияга пайда алып келе турган иштер көп", — деди Мачехин.
Ибраев: гидроэнергетика Кыргызстандын жана Борбор Азиянын өнүгүүсүн камсыздайт