Чет элдикти сабаган үч "кызга" бейбаштык боюнча протокол түзүлдү

Sputnik
БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Бишкекте чет элдик жаранга кол салгандарга "Майда бейбаштык" беренеси боюнча протокол түзүлдү. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти.
Маалыматка ылайык, алар же 5 500 сом айып төлөйт же 3-5 суткага камалат. Сабалган чет элдик жаран да айыпка жыгылган. Ал Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөнү үчүн 5 500 сом төлөйт.
Окуя 6-апрель таңга маал болгон. Милиция 23, 24, 25 жаштагы үч эркек кармалганын билдирген.
ИИМ чет өлкөлүк жарандарды сабады делгендердин бири кармалганын билдирди