БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Армян, абхаз номерлүү унааларды мыйзамдаштыруу 100 миңден 50 миң сомго арзандашы мүмкүн. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев айдоочулар менен жолугушуусунда билдирди.
Анын айтымында, бул моторунун көлөмү экиге чейинки унааларга тиешелүү.
Ошондой эле унаа токтотуучу жайдын акысы күнүгө 100 сом эмес, 50 сом болору айтылды. Ал эми лабораториялык текшерүүнүн баасы 2800 сомдон 1000 сомго чейин түшөт.
"Унааларды мыйзамдаштыруу менен сатууга уруксат берилбейт. Легалдаштыруу иштери толук бүтмөйүнчө унааны айдоого тыюу салынат. Аны мыйзамдаштыруу маалында гана пайдаланууга болот", — деп айтылат маалыматта.
Өлкөдө 1-апрелден тарта абхаз, армян номерлүү унааларды мыйзамдаштыруу башталган. Анын баасы 100 миң сом болгон.