Көчөдөн чет элдик жаранды сабаган үч "кыздын" видеосу тарады. Милициянын маалыматы

Sputnik
БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Социалдык тармакта аялдын кийимин кийип, боенуп алган үч эркек киши чет элдикти сабап жаткан видео тарады. Ленин РИИБи окуянын чоо-жайын айтты.
Чет элдик жарандын ур-токмокко кабылганы тууралуу маалымат милицияга 6-апрель күнү таңга маал түшкөн. Райондук бөлүмгө 23, 24, 25 жаштагы үч эркек, ошондой эле 33 жаштагы чет элдик жабырлануучу алып келинген.
Окуяга текшерүүнүн жыйынтыгы менен укуктук баа берилери кошумчаланды.
ИИМ чет өлкөлүк жарандарды сабады делгендердин бири кармалганын билдирди