Пресс-борбор

Бишкекте мамлекеттик кызматкерлерди окутуу үчүн IT-хаб курулат

Sputnik
БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Бишкекте заманбап IT-хаб курула турганын санариптик өнүктүрүү министри Азамат Жамангулов Sputnik Кыргызстан маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди.
Ал белгилегендей, бул иштер Кореянын эл аралык кызматташтык агенттиги (KOICA) менен биргеликте жүргүзүлүүдө.
Санариптик өнүктүрүү министри Азамат Жамангулов
"Бул жакшы жабдылган ири IT-хаб болот. Анда жылына беш миңге чейин мамлекеттик кызматкерлер окутулуп, квалификациялары жогорулатылат. Объект борбордун жогорку бөлүгүндө жайгашат. Учурда жер тилкеси аныкталып, долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси иштелип чыгууда", — деди Жамангулов.
Санарип инфраструктурасын түзүү долбооруна кореялык тарап 14 миллион доллар бөлөрү мурда маалымдалган.
Пресс-борбор
Кыргызстанда "Түндүктүн" базасында бирдиктүү улуттук холдинг түзүлөт