БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Өлкөдө жумуртканы импорттоого алты айга чектөө киргизүү каралууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка караганда, бул чара жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү колдоого багытталган.
Министрлик канаттуулар чарбачылыгын өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүп, натыйжада жумуртканын импорту акыркы үч айда 1 миллион 836 миң болсо, экспорт 8 миллион 800 миңге жеткенин билдирди.