БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Урук чачуу мезгилине байланыштуу балык уулоого убактылуу тыюу салынды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, чектөө бардык көлдөр, көлмөлөр жана дарыяларга тиешелүү.
Алсак, 15-майга чейин Ысык-Көл чабагына, 20-майдан 15-июлга чейин каңылтыр балыгына, 1-майдан 1-июлга чейин Ысык-Көлдүн майда балыгы жана башка балыгына чектөө болот.
Ал эми дарыяларда балыктын баалуу түрлөрүн ышкыбоздук жана спорттук уулоо үчүн 5-июндан 15-июлга чейин осман балыгына, 15-октябрдан баштап эки айга Аму-Дарыянын жилингир балыгын кармоого тыюу салынган.