Кыргыз-өзбек чек арасынан 100дөй таш бака алып бараткан киши кармалды

Sputnik
БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасынан 100дөй таш бака алып бараткан киши кармалды. Бул тууралуу Чек ара кызматынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, ал аквариум таш бакаларын полиэтилен баштыгына салып алып, Өзбекстанга бейтааныш адамдын өтүнүчү менен алып баратканын билдирген. Бирок жанында документтери болгон эмес.
Таш бакалар тиешелүү органдарга өткөрүлдү.
Депутат Миргүл Темирбаева аткезчилик үчүн жазаны катаалдатууну сунуштады